Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИ КАШКА. 16-кылымга таандык Сейф ад-дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» деген кол жазмасындагы «Манас» эпосуна тиешелүү болгон материалдарда Манас баатырдын ата-теги жана анын жакын туугандары жөнүндө маалымат берилет. Анда Каркарадан Якуб, андан Манас менен Карнас туулат. Каркарага тууган Ак-Темир деген кыпчактын Дөөлөт-Йар, Худа-Йар, Берди-Йар, Али-Йар, Муса-Йар, Иса-Йар, Түлө-Йар деген жети уулу болот. Жетөө тең көк кашка ат минип жоого чогуу кирчү экен. Ошондуктан алар Ж. к. аталып калганы айтылат санжырада.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну жети тал кайыш менен өрүшөт. «Жети кашка» өрүм менен «беш кашка өрүмдү» «жалпак өрүмдөр» дейбиз. Муну «жети өрүм» деп да аташат.